Депутат экс-премьер-министрди ЖЭБ боюнча депкомиссиянын жыйынына мажбурлап алып келүүнү сунуштады

Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Сайдулла Нышанов Бишкектеги ЖЭБдеги окуяны иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынына мурдагы чакырса келбеген аткаминерлерди “сүйрөп” алып келүүнү сунуштады. Алгач экс-өкмөт башчыга кат түрүндө кайрылуу керектигин айткан ал: “Эгер ал келбесе, анда экс-башчыны мажбурлап алып келиш үчүн учурда премьер-министрге кайрылыш керек”, – деген кебин ортого салып, келишимде өкмөт башчы чечкен маселелер бар экенин кошумчалады.

Ал эми анын кесиптеши Мыктыбек Абдылдаев болсо ошол кездеги тышкы иштер министри менен каржы министрин, ошондой эле өкмөттүн аппаратындагы юридикалык бөлүмдүн жетекчилерин чакыртууну сунуш кылды.

Эске салсак, кытай компаниясы менен келишим түзүлгөн маалда өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Ал учурда, тагыраагы 2013-жылдын 8-июлунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, кытайлык тараптар менен Бишкек ЖЭБди жаңылоону каржылоо боюнча насыялык макулдашууну иштеп чыгуу Энергетика жана өнөр жай министрилиги менен Каржы министрлигине тапшырган. Арадан апта өткөн соң 16-июлда “Электр станциялары” ААК менен кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү келишимдик макулдашууга кол коюшкан.

Бул жылдар аралыгында, атап айтканда Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү жетексе, каржы министри болуп Ольга Лаврова иштеген. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигин Осмонбек Артыкбаев тейлеп турган.

Жогоруда депутаттар айткандай иштин чоо-жайын такташ үчүн комиссиянын жыйынынан экстерди чакырып, алардын өз оозунан кебин угуу туура. Бирок, депутат Нышанов айткандай келбейбиз деп чыгышса, мойнунан сүйрөп келүүгө кимдин күчү жетет?..

Источник: egemen.kg