Сапар Исаков Жогорку Кеңештин коалициясына өкмөттүн курамын сунуштады (тизме)

Автор: Нургазы Аматов
SUPER.KG SUPER.KG
25 августа 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков өкмөттүн жаңы курамын жана программасын депутаттарга сунуштады.

Анын айтымында, програманын аталышы "Жаңы доорго 40+ кадам". "Бул 5 жылдык программа 1 ай ичинде жазылган. Ал президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясынын негизинде даярдалган. Бул программа стратегия менен бир нукта кетет", - деди Исаков.

Андан соң ал депутаттарга өкмөттүн жаңы курамын сунуштады.

Өкмөттүн сунушталган курамы:

– премьер-министр – Сапар Исаков

– биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов

– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев

– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров

– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова

– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева

– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова

– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев

– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков

– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов

– ички иштер министри – Улан Исраилов

– юстиция министри – Уран Ахметов

– каржы министри – Адылбек Касымалиев

– экономика министри – Артем Новиков

– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев

– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев

– Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов

– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов
http://www.super.kg/kabar/news/199647/


 

Источник: super.kg