Ар бир мамлекет, анын жетекчилиги өзүнүн ички коопсуздугун, бүтүндүгүн сактоого жана бекемдөөгө милдеттүү. Өзгөчө бүгүнкүдөй дүйнөнү маалымат башкарып турган чакта маалыматтардын тактыгы, фактыга таянгандыгы, далилдүү болушу өтө маанилүү. Кыргызстан мына ушул багытта акыркы жылдарда катуу иш-аракеттерди жасап атканы белгилүү.
Бирок, эмнегедир мына ушул багыттагы жасалган аракеттерги океандын ары жагынан каржыланган эл аралык уюмдардын ичи чыкпай, баардыгын эле сөз эркиндигине жасалган кысым, саясый куугунтук катары сыпаттоого өтүп алышты. Маселен Борбордук Азия боюнча Human Rights Watch укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Мира Ритман «Кыргызстанда адам укугуна байланыштуу кырдаал бул жылы олуттуу аркага кетти» деген маанайда пикирин билдириптир.
Ал НТС телеканалынын тегерегиндеги окуяларды, сепаратист Азимжан Аскаровдун темир тор артында отурушун, айрым ушакчы сайттардын журналисттеринин ири суммада айып пулга жыгылышын, Кыргызстанды ар дайым шыбап келген Виталий Пономарев сыяктуу россиялык укук коргоочунун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынышына бийликти күнөөлөп, баарын эле сөз эркиндигине кысым катары сыпаттап жиберген.
НТСтин тегерегиндеги окуяга бийликтин тиешеси жок, ал эски жана жаңы кожоюндарынын ортосундагы соттук талаш экенин айтып коюшубуз керек. Ал эми Азимжан Аскаров – бул 2010-жылдагы июнь коогалаңынын уюштуруучуларынын бири. Тынч жаткан эки элди чабыштырууга себепкер болгон. Милиция кызматкеринин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө катышкан. Ал эми жалган маалымат тараткан журналисттер сөз эркиндигине жамынып алып, аттуу-баштуу адамдардын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, ар-намысына шек келтирип атышат. Мунун баары келип эле мамлекетибиздин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө жасалган коркунуч болорун түшүнүшүбүз керек.
Эгерде ушунун баарын эле адам укугу бузулууда деп сыпаттай берсек, анда мамлекеттин коопсуздугун, бүтүндүгүн, деги эле адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты ким камсыз кылышы керек? Же аталган уюмга мамлекетибиздин алсыз болуп турушу гана керекпи?
МАМЛЕКЕТТИН БҮТҮНДҮГҮНӨ, ЖАЛГАН МААЛЫМАТКА КАРШЫ ЖАСАЛГАН АРАКЕТТЕР НЕГЕ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЖАКПАЙ АТАТ?
![]() |
22 декабря 2017
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: kurch.kg
Материалы на тему
- — Freedom Housе постоянно выставляет в негативном свете ситуацию со свободой слова в Кыргызстане
- — Мира Риттманн: Будем тщательно следить за ситуацией вокруг НТС
- — Знаешь ты – знает народ. Реформирование судебной системы – сложный процесс
- — Как можно считать жертвами политических гонений планировавших насильственный захват власти, коррупционеров и клеветников?