Кыргызстандагы сөз эркиндигине дайыма тескери боек сүрткөн Freedom House

21 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

АКШнын камчысын чапкан, Мамдептен каржыланган Freedom House уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигине дайыма көө жаап келе жатканын жакшы билебиз. Өздөрү жүргүзгөн рейтингде атайылап биздин өлкөнүн көрсөткүчүн аркага тартып келет.

Эми бул ирет аталган уюмдун Евразия боюнча директору Марк Берендт Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып, Дина Маслова жана укук коргоочу Чолпон Жакуповаларга карата ири суммада айып пул төлөтүү боюнча Жогорку соттун чыгарган чечимин сынга алып, аны сөз эркиндигине кысым катары баалап жибериптир.

«Төмөнкү инстанциядагы соттордун саясый жана адилетсиз чечимдерин жокко чыгаруудан баш тартуу менен Жогорку сот Кыргызстандагы мыйзамдын үстөмдүгүн бузуп атат жана өкмөттүн өзүнүн сынчыларынын оозун жабуусуна мыйзамды колдонушуна жол берүүдө», — дейт ал.

Биринчиден, аталган сайтка карата соттун төмөнкү инстанцияларынын чечими саясый жана адилетсиз деп баалоого Freedom House уюмунун кандай укугу бар? Эмнеге эле бул уюм дайыма бир тараптуу болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштегендерди колдоп басып жүрөт?

Мындан сырткары аталган уюм НТС телеканалынын тегерегиндеги ызы-чууга да көңүл буруп, ага да бийликти күнөөлөйт. Бирок, бул жерде эч кандай бийликтин тиешеси жоктугу, ал жерде эски жана жаңы кожоюндарынын ортосундагы талаш болуп атканын коомчулук жакшы билип калды. Андыктан Freedom House уюму мына ушундай бир тараптуу позицияны кармана берсе, анда өзүнүн имиджине биротоло катуу сокку уруп алышы мүмкүн.

 
 

Источник: focus.kg