Шайлоо жаңжалы уланууда. Бул сапар Темир Сариевди айыптап чыгышты

Обратите внимание на дату публикации.

Жарандык активисттер Казакстан Кыргызстандын ички ишине кийлигишип атат деп нааразы болушту. Айтымдарында, Казакстанда жакында «Кала мен дала» аттуу гезити Темир Сариев тууралуу материал жарыялаган.

Жарандык активисттер бул макала Темир Сариев президенттик шайлоодон жеңишке жетишет деген тыянак чыгарган. Мындай абал менен коңшу мамлекет Кыргызстанга өздөрүнө керектүү талапкерди көрсөтүп атышат дешет активисттер.

Ошондой эле жарандык активисттер бул  өлкөнүн шайлоо тууралуу мыйзамындагы шайлоо процессине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү болбойт деген эрежесине каршы келип атат деп белгилешет.

А Темир Сариевдин штабы бул макала тууралуу кабарлары жоктугун билдиришти.

Источник: sayasat.kg