Казакстандын Тышкы иштер министри Алмазбек Атамбаевдин сөзүн көбүртүп-жабыртпоого чакырды

Автор: Бекжан Рыскулов
Супер Инфо Супер Инфо
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 13-мартта Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өкмөттүк саат учурунда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүн көбүртүп-жабыртпоого чакырды.

"Бул маселе боюнча Кыргыз тарап менен түшүнүштүк. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде жолугушуулар өттү. Азыркы тапта биз бир тууган кыргыз элинин Евразиялык экономикалык биримдигинин шарттарына көнүш үчүн жардам берүүнүн үстүндөбүз", - деди Кайрат Абдрахманов.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Европага барып, Euronews телеканалынын журналистинин Евразиялык экономикалык биримдиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Казакстан 2010-жылы чек арасын жапканы тууралуу айткан.

"Биз бирөө менен соода жүргүзүп, коңшулар менен иштешишибиз керек. Эгер биз биримдикке кирбесек, биз менен байланыштар үзүлмөк. 2010-жылы Казакстандын чек арасын 1,5 айга жаап салганда, адамдар өлгөн. Обочолотуу максаты менен байланышты үзүү - жаман нерсе", - деген Атамбаев.

Источник: super.kg