АКШ Мамдепи Кыргызстан тууралуу маалыматтарды неге атайын бурмалоодо?

Обратите внимание на дату публикации.

2010-жылдан кийин Кыргызстан үй-бүлөлүк башкаруу режимин биротоло талкалап, анын ордуна ачык демократиялык коомду, парламенттик-президенттик башкаруу системасын орнотту. Натыйжада бардык мамлекеттик маселелер парламентте ачык талкууга алынып, андан соң гана тиешелүү чечим кабыл алына баштады. Кыргыз бийлиги тышкы саясатты да жөнгө салып, мурдагы бийликтердин шалаакылыгынан улам бузулуп калган эл аралык мамилелерди да кайрадан калыбына келтире алды. Айрым мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдер мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу күчүн жоготту. Маселен, 2014-жылы «Манас» аэропортунан Америка базасы чыгарылды. Ошондон тарта эле АКШ Мамдепи Кыргызстандын ичиндеги саясатты ар кыл негизде сынга ала баштады. Мындан тышкары Америкадан каржыланган түрдүү уюмдар да биздин мамлекеттин жүргүзүп аткан саясатына каршы маалымат саясатын жүргүзүп келишет. Жакында эле АКШ Мамдепи дүйнө мамлекеттериндеги адам укуктары тууралуу өзүнүн жыл сайын жасалуучу докладын жарыялады. Анда Кыргызстан тууралуу да айтылган экен. Баарынан кызыгы Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы мурдагы бийликтердин учуруна караганда алдаканча жакшырып аткан болсо, АКШ Мамдепинин докладында тескерисинче жазылган. Тактап айтсак, бул баяндамада расмий Вашингтон Кыргызстанды сынга алып, биздин мамлекеттеги кырдаал боюнча бир тараптуу маалымат тараткан. Анда Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга алынып, сот системасы, түрмөлөрдө кыйноолордун азайбай жатышы, диний ишенимге байланыштуу кысымдар, улуттук азчылыктарга кодулоолор болуп жатканы айтылган. 

Мына ушундай негизсиз айыптоолорго КР Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жообун кайтарды: «Тышкы иштер министрлиги эл аралык жана чет элдик өнөктөштөргө, АКШнын тийиштүү институттарына кеңеш бергени жана бул масштабдуу иште тажрыйбалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргызстанда аталган багыттар боюнча көйгөйлөр аз эмес, бирок алар тууралуу өлкөдө ачык айтылып, өкмөттүн жарандык коом менен тыгыз иштешүүсү аркылуу чечилип жатат.
Ошол эле учурда Кыргызстан баяндамадагы айрым баа берүүлөр саясатташып, ачык эле жасалмаланганын орунсуз деп эсептейт. Айрыкча, “мыйзамсыз камоолор”, “саясий жактан көз карашы бар адамдарды бийликтин кысмакка алышы” деген жыйынтыктар адилетсиз жана негизсиз. Кызмат адамдарынын жазасыз калышы, абактагы Азимжан Аскаровдун укуктарынын бузулушу, бейөкмөт уюмдарга басым тууралуу байкоолор таптакыр эле орунсуз». Туура, АКШ Мамдепинин бул доклады ачык эле саясатташып кеткени байкалып турат. Эки жолу башынан революция өткөрүп, эки жолу саясый куугунтуктардын арты эмне менен аяктарын көрүп калган Кыргызстан эми кайрадан да эски жол менен кетүүгө эч качан барбайт. Андыктан учурда “мыйзамсыз камоолор” деген түшүнүк жок. АКШ Мамдепи мындай дооматын эмнеге таянып айтып атканын ачык түшүндүргөн эмес. Бирок, бийликти басып алууну пландаштырган Б. Асанов, К. Кадыров жана Э. Карыбековдун кармалышы менен байланыштырып атканын жаземдебей түшүнүп турубуз. Демек, алар бийликти басып алууну пландаган саясатчыларды да таптакыр камабаш керек эле деген ойду айтып жатышкан болобу? Же Америкада бийликти басып алууну пландагандарга эч кандай чара көрбөйбү? Тескерисинче ал жакта Ак үйгө жакын эч кандай себепсиз басып барган адамды суроо-сопкуту жок эле тырайта атып саларын жакшы билебиз. Ал эми бизде Ак үйдүн жанына барып алып, кыйкырып акция өткөргөндөр бар эмеспи. Ошондо демократия кайсыл өлкөдө көбүрөөк болуп атканын түшүнөбүз? Ал эми Азимжан Аскаров тынч жаткан эки улуттун ортосуна от жаккан сепаратисттердин бири экендиги сот аркылуу далилденген. Ошого карабастан АКШ Мамдепи аны акыркы жылдарда катуу коргоп, ал тургай өздөрүнүн сыйлыгын да берип келишет. Ошондо улуттар аралык жаңжалга себепчи болгондорду Америка колдоп аткан болобу?

Америка Мамдепин Бакиевдин кандуу бийлиги толук канааттандырып келгенинин себеби неде?

2005-жылдан тарта 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргызстанда кандуу режим болгонун жакшы билебиз. Медет Садыркулов, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Тынчтык Акматбаев, Үсөн Кудайбергенов сыяктуу кыргыздын мыкты жигиттери Бакиев бийлигин курмандыгы болгон. Геннадий Павлюк аттуу журналист сөз эркиндигин курмандыгы болгон эле. Сыргак Абдылдаев аттуу журналист 29 жеринен бычак жеп, араң аман калган. Дагы бир топ журналисттер, саясатчылар өздөрүнүн ой-пикирлерин ачык билдирип келишкени үчүн куугунтукка кабылып, чет өлкөлөп качышпады беле? Мына ушул убакта АКШ Мамдепи неге унчуккан эмес? КР ТИМи да бул багытта мындайча билдирет: “Өз убагында оппозиционерлерди сабап, жок кылып, ал тургай тирүүлөй өрттөгөн, журналисттерди майып кылып жана өлтүргөн, мамлекетти эч тартынбастан эле тоногон Кыргызстандын мурдагы бийлиги Мамдепти толук канааттандырган. Себеби мунун баары КР Президентинин офисинен кабинет ээлешкен, АКШ аскердик базасына авиакеросин ташуу аркылуу, банк сферасы аркылуу талап-тоноого катышкан АКШ жарандарынын көзөмөлү аркылуу жасалган”. Туура, эгерде АКШ Мамдепи ачуу чындыкты айткысы келсе ошол Бакиевдин убагында айтат эле. Бирок, ал убактагы бийлик алардын таасиринин алкагында иш алып баргандыктан бардыгына көздөрүн чылк жуумп келишкен. Бүгүн болсо Кыргызстан эч бир мамлекеттен көз каранды болбостон, өз саясатын туура нукта жүргүзүп, ачык демократиялык багытта өнүгүү жолуна түшкөнү Американын тынчын кетирип жаткансыйт…  

Источник: Focus.kg