Токмоктогу 4 партиянын өкүлдөрү «Эмгек» партиясын мыйзам бузууга айыпташты

Баракелде -  «Бирге», «Эл Биримдиги», «Ата Журт - Кыргызстан» жана «Республика» партиясынын өкүлдөрү Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Эмгек» партиясын массалык түрдөгү мыйзам бузууга айыпташты. Бүгүн, 20-апрель күнү AКИпресс агенттигиндеги маалымат жыйында аталган факт боюнча Токмок аймактык шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөтүшкөнүн маалымдашты.

«Биз аймактык шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар болгонун айтканбыз. Бирок ага карабастан АШК канааттандырбаган чечим чыгарган. Тактап айтканда, эч кандай мыйзам бузууну аныкташкан эмес», - деди «Республика» партиясынын мүчөсү Р.Кадыркулов.

Ушундан улам кечээ, 19-апрель күнү Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жөнөтүшкөн.

«Эл Биримдиги» партиясынын мүчөсү Анарбек Маликовдун айтымында, «Эмгек» партиясындагы талапкерлердин батирине жана үйүнө 3 миңге чукул адам каттоого турганы аныкталган.

«Биз жергиликтүү тургун катары элдин баарын жакшы тааныйбыз. Ал эми жанагы каттоого турган адамдарды биринчи жолу көрдүк. Дал ушул адамдар биздин жергиликтүү элдин тагдырын чечип коюшту», - деди ал.

«Бирге» партиясынын мүчөсү Кайрат Чокеевдин айтымында, «Эмгек» партиясынын талапкери өзүнүн 3 бөлмөлүү үйүнө 90 адамды каттоого тургузган. Ошондой эле бул партияны колдоп, квартал жана үй башчылары да иштеп жүрүшкөн.

Маалымат жыйындын катышуучулары бийлик өкүлдөрүнөн аталган мыйзам бузууларды текшерип жана мыйзамдын алкагында чечим чыгарууну суранышат.

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Эмгек» партиясы 47,7 пайыз добуш жыйнап, 16 мандат алган. Ал эми «Бирге-Вместе» — 6 мандат, «Эл биримдиги» — 5, «Республика» — 4 мандат алды. Шайлоодо жалпы 5 партия ат салышкан.

Источник: Баракелде