"Биримдик" №1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт!

23 сентября 2020
Версия для печати

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясы тил майрамын белгилешти. Анда кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне тилдин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ошондой эле “Биримдик” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Байдылда Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев Тынчтыкбек Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова Алтынбек Исмаиловдун «Мен - кыргызмын!», Нуржамал Казначиева жана Эмил Жусуповдор Шайлообек Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов Абдрасул Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти.

Источник: SUPER.KG