Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат, коомдук ишмер: “Бул жолку президенттик шайлоо абдан чоң атаандаштыкта таза өттү”

23 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

- Турсунбай мырза, сиз 2005-жылы өткөн президенттик шайлоодо экинчи орунду камсыз кылган экенсиз. Анда Курманбек Бакиев 88,71 пайыз добуш алган болсо, сизди шайлоочулардын 4 пайызга жакыны колдогон. Бул жолку президенттик шайлоо буга чейинкилеринен кандай айырмаланды деп ойлойсуз?

— Кыргызстандагы президенттик шайлоолорго эң көп мен катышкам. 1995-жылы бизди Аскар Акаев четтеткенде Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкуловдор менен бириккенбиз. 2000-жылы болсо жасалма жыйынтык чыгарып, шайлоо бурмаланганда мен президенттик Аппараттагы Адам укуктары комиссиясынан өз арызым менен кетип калгам. Ошондо элге “мен өзүмдүн укугумду коргой албасам башкалардын укугун кантип коргоймун” деп кайрылган да жайым бар. Ал эми силер айтып жаткан 2005-жылдагы шайлоодо түштөн кийин бюллетендерди пачкалап таштаган. Болбосо 2-тур болмок. Бул шайлоодо болсо бийлик тарабынан андай бурмалоолор болгон жок. Түштөн кийин бюллетень ташталбады.

— Бул жолу да мурдагыдай шайлоо жыйынтыгы алдын ала белгилүү беле?

— Бул жолу бийлик менен байлык тирешти. Катуу тиреш болду. Эч качан бийликтин өкүлү мындай аз пайыз алчу эмес эле. Бул да таза шайлоонун чоң атаандаштыкта өткөнүнүн далили. Керек болсо жыйынтык чыкканга чейин кимдин жеңип чыгарын талапкерлер да билген жок. Ошондуктан 15-октябрдагы президенттик шайлоо буга чейинки добуш берүүлөрдөн бир кыйла таза, чоң атаандаштыкта өттү десек болот.

Источник: focus.kg