Мамлекетибиз шайлоого толугу менен даяр

13 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мамлекет башчысын шайлоону өткөрүү жана даярдоодо территориалдык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги отурумунда биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов КР презединтин шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюшулган деңгээлде өтүшү керектигин айтты.

Анын айтымында 15-октябрда жалпы республика боюнча 2375 шайлоо участкалары иштейт. Анын 234ү Бишкек шаарында жайгашкан. Штабдын отурумунун жүрүшүндө шайлоого даярдык көрүү бекитилген график боюнча жүрүп атканы белгиленди. Бардык территориалдык шайлоо комиссиялары керектүү атайын техникалар менен жабдылган, шайлоо участкаларында электр жагынан эч кандай көйгөй жаралбашы керек. Мындан сырткары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салуу үчүн мамлекетибизге түрдүү эл аралык уюмдардын жана мамлекеттердин байкоочулары келе башташты. Аккредитациядан 115 эл аралык ММК өттү.

ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиев шайлоо күнү мамлекетибиздин территориясында 9384 милиция кызматкерлери күзөттө туруп, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздай тургандыгын билдирди. Андан сырткары 180 кызматкер резервде турат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында шайлоо күнү техникалык колдоо үчүн 500 адис иштейт жана шайлоо участкаларына иштөө үчүн дагы кошумча 200 адис тартылган. Ошону менен бирге бир гана жерге таандык маселелерди чечүү үчүн ыкчам реакция жасоого атайын топ түзүлгөн.

ТИМдин статс-катчысы Айбек Омокеев бүгүнкү күндө Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 37 шайлоо участкасы түзүлгөнүн, ал участкаларда кыргызстандыктар добуш бере ала турганын билдирди. Чет мамлекеттердеги шайлоо участкаларынан бюллетендердин жыйынтыгы Кыргызстанга 16-октябрдан 18-октябрга чейин жеткирилет.

Айтор, бир сөз менен айтканда мамлекетибиз шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө толугу менен даяр. Болгону ар бир добуш маанилүү экенин эске алып, аны акчага сатуудан алыс болушубуз керек.

Источник: egemen.kg