Бабановдун штаб башчыларынын шаштысы кеттиби?

Автор: Н.Асанбеков
Inter.kg Inter.kg
Обратите внимание на дату публикации.

 «Ишенген кожоӊ сууга акса, алды артыӊдан тал карма» демекчи, Өмүрбек Бабановдун ишенген көзүрү Канат Исаев камакка алынганы штабисттердин шаштысы кетип, айласын таппай агитаторлорун тарката баштады дейт.

Маселен, 30-сентябрь күнү «Республика» партиясынын борбордук штабындагы билермандардын буйругу менен жер-жерлерде штабдар ишин токтотуп, кулак-мурун кескендей болуп тунжурап калышыптыр. Эстерине келе албай жатышат көрүнөт.

Айрыкча Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук штабы шашылыш түрдө жабылып, ал жердеги баардык иш-кагаздар, оргтехника чыгарылып кеткени кандай? Ал гана эмес, баардык агитаторлор штабга жакын жолобой, пландалган иш-аракеттердин баарын убактылуу токтоттуруу боюнча катуу буйрук берилгеничи? «Дагы не болуп кетти» деп таӊыркаган үгүтчүлөр качан иш баштайбыз деп үйлөрүндө жамбаштап жатып алып коӊгуроо күтүшүүдѳ.

«Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, штабисттердин жашырган бир балээси бар го деп калдык. Болбосо иштеп жаткан штабды жөн жерден да жапчу беле?! Кечээ эле «баардык ишим ачык-айкын» деп бакылдап жүргѳн «красавчик» Токтогулович жаап-жашыра турган нерсе таап  алган го?

Источник: inter.kg