Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “Талапкерлердин чыныгы жүзү шайлоо учурунда ачылат”

28 сентября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

          Президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталгандан бери талапкерлер тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Бирок, Ѳмүрбек Бабанов өзүнө карата бир тараптуу каралоо болуп жатканын айтып актанууда. Ошентсе да Өмүрбек Токтогуловичтин дарегине айтылган дооматтар негиздүү болууда. Бабанов башындагы “төөнү” көрбөй эле каралоо деп кутулуп кетпейби?

          Бүгүнкү күндөгү элдин саясий капиталы бар. Эл баарын угуп, көрүп чечимди 15-октябрда чыгарат. Азыр шайлоого чейин кара пиар менен ак пиар аралашып жүрө берет. Эң башкысы утулган киши маданиятттуулукту көрсөтүп өлкүнүн стабилдүүлүгү үчүн жеңген инсандын колун кысып куттукташы керек.

Өткөн жылы АКШда президенттик шайлоо өттү. Анда Д.Трамп менен Х.Клинтонго эмне деген гана айыптоолор айтылган жок. Андыктан шайлоо астында талапкерлердин чыныгы жүз ачылат. Бул нормалдуу эле көрүнүш.

          Бабановду рейдерлик менен айыптаган конкреттүү адамдар чыгып жатат. Ал эми анын штабы муну саясат, каралоо деп баалоодо. Бул маселе кантип чечилиши керек?

          Эми андай маалыматты тиешелүү органдар иликтеп чыгышы керек. Бизге окшогон адамдар ага баа бере албайт. Эгер чындап рейдерлик болсо ага сот органы укуктук баа бериши зарыл. Азыр кимдин-ким экенин эл билип турат. 15-октябрда жалпы журтчулук талапкерлерге өз баасын берет.

 

Источник: zanoza.media