“Президенттик шайлоо 19-ноябрда өтсө, анда Конституциянын нормалары бузулат”

Обратите внимание на дату публикации.

“Эгерде президенттик шайлоо 19-ноябрда өтсө, анда Конституциянын нормалары бузулат”. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова билдирди. Депутаттын айтымында, “2011-жылы болуп өткөн шайлоодо парламент 62 календардык күндү процедуралык иштерге бөлүп берген. Пландалган боюнча эле шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына белгиленген. Роза Отунбаева 31-декабрда кетмек. Азыр процедуралык иштерге 12 күн гана берилиптир. Бул убакытта баардык процедуралык иштерди өткөрүү мүмкүн эмес. Шайлоодо 1-2-тур болуп калышы мүмкүн экени эске алынган эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо 62 күн каралган. Шайлоону 19-ноябрга белгилөө бул Конституцияга карыш келет”, -деп кошумчалады Аида Салянова.

Источник: fakt.kg