«Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров 14-октябрдагы маалымат жыйынында айрым аймактарда бюллетендерди кайра санап чыгуу керектигин билдирди. Жыйын жүрүшүндө журналисттер Адахан Кимсанбаевичке безге сайгандай суроолорду узатышты. Төмөндө «акыйнекти» кыскартып сунуш кылабыз.
— Адахан Кимсанбаевич, сиз 4-октябрдын кечинде «Азаттык» радиосуна курган маегиңизде «эми эл шайлабай койсо не кылабыз» дегендей парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныгандай пикириңизди билдирдиңиз эле. Эми тескери сүйлөп калганыңыздын сыры неде?
— Журналисттер ушинтип сөздү бурмалай бересиңер. Биз шайлоого катышкан элдин так добушун санап, акыйкаттыкка жетишибиз керек.
— Парламенттик шайлоого дүйнө коомчулугу жогору баасын берген шартта сиздин шайлоо жыйынтыгынан күмөн санаганыңызды кандай түшүнсөк болот?
— Мен жалпы шайлоо тууралуу айткан жокмун, айрым аймактарды кайрадан санап чыгыш керек деп атам…
Материалы на тему
- — Адилет Айтикеев, член НОД: "Мечта Текебаева привести в парламент уличную оппозицию не сбылась..."
- — Омурбек Абдрахманов, депутат ЖК: "Написанный Текебаевым выборный закон открыл дорогу только партиям олигархов"
- — Фейсбукстан. Страничка Кубатбека Айбашова
- — Проигравшая на выборах "Бутун Кыргызстан Эмгек" оспаривает футбольный газон, подаренный молодежи села Кара-Суу
Метки
— БШК сиз шек санаган аймактардагы добуш берүүнү кайрадан санап чыкканын, айырмачылык жоктугун жарыялады? Буга эмне дейсиз?
— Борбордук шайлоо комиссиясы биз атаган эмес, башка райондорду санады. Бизге Ош облусундагы төрт райондогу бюллетендерди кайра санап чыкканы маанилүү. Биз аягына чейин күрөшөбүз, акыйкаттыкка жетебиз.
Дүйнө коомчулугу жогору баасын берген парламенттик шайлоону Адахан Мадумаровдун аброюнун төмөндүгү жокко чыгарышы керекпи?
Адахан Мадумаров аттуу саясатчы сайраган кызыл тилинин аркасы менен чоң саясатка аралашып, депутаттык мандат тагынганы «Булбултай» атка конгону эсте. 2005-жылдагы март ыңкылабынан соң Курманбек Бакиевдин сүймөнчүк кадрына айланып, ЖК төрагалыгына чейин жетти. Апрель окуясынан кийин заматта түсүн өзгөртүп, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын туусу астында аттанган. Жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартып, ЖоКе босогосун аттай албай арманда калганын билебиз. Андан туура бир жыл өткөн соң президенттик шайлоого катышып, жана бир ирет жеңилди. Эл арасында кадыр-баркы жоктугу далилденди. Ачууга ууккан Адахан Кимсанбаевич өзү бир кезде «район деңгээлиндеги лидер» деп теңине албаган «Республика — Ата журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевге «баш кошуп», кийин андан «талак алдыбы же талак бердиби», айтор, «ажырашып» тынышкан. Ташиевден жолу болбогон Мадумаров «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Бир болчу» Алтынбек Сулаймановдун этегин кармап көрдү. «Этеги канабады» кашайгырдыкы. Желип жортуп жүрүп акыры «Эмгек» партиясынын төрагасы Аскар Салымбеков менен «жупташып», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясы деп өзгөртүшүп, быйылкы ЖоКе жарышка катышышкан. Тагдырдын тамашасың карабайсыңбы, өзү бир кезде теңине албай, «токочтуу бала менен ойнобойм» деп мурдун чүйрүгөн Б.Төрөбаев, К.Ташиев, А.Сулаймановдун партияларынан утулуп, үчүнчү жолу «арман күүсүн» чертип отуруп калды.
Адахан мырза шайлоо өткөн күнү «Азаттык» радиосуна курган маегинде «эми эмне демек элек, шайлоочулар бизге добуш бербей койду дейбиз да» деп акылдуусунуп сүйлөгөнүн укканбыз. Жарыктык кишиге акыл кирип калган турбайбы десек, «тескери сийип» кирбесби. Арманы ичте калбасын деп БШК ал атаган райондордогу бюллетендерди кайрадан санап чыкты. Жыйынтыгы баягыдай эле. Ошого карабастан, кайраныбыз 14-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, ичкүптүүсүн төгүп алды. Кызык да, эй! Дүйнө коомчулугу жогору баасын берип, Кыргызстан бөлөк өлкөлөргө үлгү көрсөтө тургандай шайлоону таза өткөргөнүн билдирип жатышса, Адахан Кимсанбай уулунун «ойду-тоону» оттогону неси?! Минтип орунсуз сындагандын ордуна, кемчиликти өзүнүн эл арасындагы аброю төмөндүгүнөн издебейби десең. Же жалгыз Мадумаровдун партиясы өтпөй калганы үчүн шайлоону жокко чыгарыш керекпи?