"Кумтөр" маселеси добуштун курмандыгы болбош керек

30 сентября 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого карата жүрүп жаткан үгүт иштерине айрым партиялар жана кээ бир саясатчылар “Кумтөр” маселесин аралаштырууда. Беш жыл бою парламентте отуруп өлкөдөгү эң ири ишкананын тегерегиндеги талаш-тартышка чекит коё албаган айрым саясатчылардын дагы да бул боюнча убада берип жатканына тан бересиң. Анан дагы тоо-кен тармагын такыр түшүнбөй, карапайым элдин башын айлантып жатканына жол болсун дейли. Мисалы, Кыргызстандагы белгилүү эле партиядан беш жыл депутат болуп отурган, азыр башка белгилүү партияга өтө качкан талапкер айым Балыкчы шаарында шайлоочулар менен жолугуп жатып, кендин айланасында өтө кооз сөздөрдү айткан экен. Ал Кыргызстандын жаратылыш байлыгы кыргыз элине гана тиешелүү экенин белгилеп, “Кумтөр” акыркы кездери калдыктарды таштоочу жайга ашыкча таштанды чыгарып, анын курамында тонналаган баалуу металлдар төгүлүп жатканын белгилеген. Ошондой эле талапкер айым кен иштетип чыгарган калдыктарда өтө көп көлөмдөгү алтын, күмүш, медь, свинец, кобальт, вольфрам, молибден, никель, ванадий жана башка металлдар таштандыга чыгып жатканын айтат. Ал муну менен канадалык инвесторлорду айыптап, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сарамжалсыз пайдаланып жатат деп сындаган. Тоо-кен тармагы боюнча адис Ишенбай Чунуев кенди иштетип жаткан инвесторлор чийки сырьёдогу металлдарды болушунча таза алууга аракет кыларын билдирип, бирок калдыктардын ичинде да баалуу металлдар сөзсүз каларын белгиледи. Ал калдыктардагы металлдарды кайра бөлүп алуу үчүн азыркы колдонулуп жаткан технологиялар азырынча жарабай турганын айтууда. “Албетте, ишкана иштетип чыгарган калдыктардын ичинде алтын, күмүш сыяктуу металлдар болот. Аны иштетүү үчүн жаңы технологияларды алып келишибиз керек. Бирок, дүйнөдө азырынча мындай технология колдонула элек. Бизде канадалык инвесторлордо деле андай мүмкүнчүлүгү жок. Бирок, “Кумтөрдө” көпчүлүк алтындар калдыктарга аралашып чыгып кетти, жаратылыш байлыктар сарамжалсыз пайдаланылып жатат деген сөздөр чындыкка дал келбейт”, - дейт ал. Ошол эле кезде дагы бир тоо-кен тармагы боюнча адис Орозбек Дүйшеев “Кумтөр” маселеси шайлоо астында саясий куралга айланбашы керектигин айтат. Андан сырткары ал үгүт иштерине өлкө аймагындагы ишканаларды аралаштырбоо зарылдыгын белгилейт. “Бул маселени депутаттар 5 жылда ары тартып, бери тартып чече алган жок. Эми шайлоочулар менен жолукканда аны кайра козгоп, добуш топтоого аракет кылуу таптакыр туура эмес”, - дейт ал. Андан сырткары О.Дүйшеев азыркы талапкерлер арасында тоо-кен тармагын билген бир да адис жок экенине кейип, келечектеги парламент “Кумтөр” сыяктуу маселелерди кандай жолдор менен чечерине тынчсызданып жатканын билдирди. “Негизи эле мөөнөтү аяктаган парламентте деле бир да тоо-кен тармагын ийне жибине чейин билген адис жок болчу. Азыркы талапкерлер арасында да бул тармактагы практик адистерди көрө алганым жок. Ошондуктан жаңы парламент келсе “Кумтөр” сыяктуу маселелер кандай жолдор менен чечилет белгисиз. Саясатчылар тоо-кен тармагын тереңден билбесе бул маселе боюнча адистердин кеңешин укканды үйрөнсө. Ошондо гана бул тармак жакшы жолго коюлмак”, - дейт ал. 

Источник: Мaalymat.kg