Камчыбек Ташиев “Өнүгүү-Прогресстин” талапкерин Сузакта сабап салды

28 сентября 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

“Республика – Ата журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин “чоң муштумдуулугу” шайлоодо кайрадан күчөдү. Ал 26-сентябрда Жалал-Абаддын Сузак районунан “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери А.Абдувалиевди көгала койдой сабаганы белгилүү болду. А.Абдувалиев “Чыңгызхандын шакиртинен” алган жараатынан улам ооруканада жаткан кези. Бул окуя боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясы атайын билдирүү даярдоодо. Билдирүүдө К.Ташиевге карата укуктук баа берүү талабы коюлмакчы.

Дегеле “Республика – Ата журттун” талапкерлери үгүт маалында мындай күч колдонмойду адатка айландырып алышты. Өгүнү эле Нарында “Кыргызстан” партиясынын өкүлүн бычактап салышканы маалым. БШК менен тийиштүү органдар буга көңүл буруп, мыйзам чегинде жазага тартпаса, буларың шайлоо күнү өлкөдө будуң-чан салуудан да кайра тартышпайт өңдөнөт…

 

 

Источник: Focus.kg