Бай «байкуштар» кимдин эшигин каккылайт

Обратите внимание на дату публикации.

Бийлик,  байлык деген нерсе өтө эле ширин болот эмеспи. Шайлоо жакындаган  күндөн баштап саясатчылардын  ширин жерден кур калбас үчүн ар кандай саясый жүрүшүнө, ширин сөздөрүнө күбө болуп келе атабыз. Жакында эле «Ар Намыс» партиясына Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Кубатбек Байболов жана Исмаил Исаковдор биз силерге кошулуп парламентке баралы, бизден канча акча керек деп барышыптыр. Исмаил Исаков гана менде акча жок дептир. Феликс Кулов силердин мага бир да тыйыныңардын кереги жок деп жообун бериптир. Бирок, «Ар Намыс» партиясы төртөөнү күттүрүп, сарсанаа кылып, ойлонтуп, толгонтуп  так жообун берелек. Бербегенин себеби, Феликс Куловго катардагы партиялаштары айтса керек да, ушуларга караганда партияга эмгеги сиңген Эмил Алиевди жана башкаларын кайрадан өзүбүздүн катарга  кошолу деп. Биз билгенден Эмил Алиев жумуштан кеткенден кийин шаар ичинде маршрутка айдап эл ташып жашоосун өткөрүп жүрөт. Эгер «Ар Намыс» партиясы төртөөнүн сунушунан баш тартса, бул бай «байкуштар» кимдин эшигин каккылайт экен.

Источник: Fakt.kg