Жээнбеков, Абдрахманов, Исаков жана Байболов «Ар-Намыс» партиясы менен шайлоого барат

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - «Ата Мекен» фракциясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов, КСДП фракциясынан шайланган Исмаил Исаков жана мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов парламенттин алтынчы чакырылышына «Ар-Намыс» партиясынын катарында ат салышууну көздөп жатышат.

Бүгүн, 23-июлда АКИpress агенттигине депутат Равшан Жээнбеков, «Ар-Намыс» партиясына кирүү жөнүндөгү чечим кабыл алынгандыгын, бирок бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыгын айтты.

«Биз баарыбыз биригүү керектигин билебиз. Бул партия клон эмес. Консервативдүү, өзүнүн тарыхы бар партия», - деди Жээнбеков.

Источник: Баракелде