Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Күрөш З же 4 партиянын ортосунда жүрөт” 14 Июл 2015 0 Comment

Обратите внимание на дату публикации.

-Кыргызстан шайлоо алдында турат. Ушул шайлоодо кайсы партия алдыга озуп чыгат деп ойлойсуз?

- Бүгүнкү күндө партиялар биригип жатышат. Бул жакшы. Бирок, бул биригүү «разминка деп айтсам туура болот. Күзүндө тизмелер тактала баштаганда бүгүн түзүлгөн бир топ партиялар чачырап кетиши мүмкүн. Айрымдары алсыздайт. Себеби, булардын айрым акчалуу, атактуу мүчөлөрүн ири партиялар өз тизмесине чакырып кетиши мүмкүн. Б.а. биригүү күздө да күч алат. Менимче, Кыргызстанда шайлоолорго чейин саясатчылардын көпчүлүгү негизги деп таанылган 4 же 5 партиянын тегерегине биригет болсо керек. Булар, КСДП, «Атамекен», «Ар-Намыс», «Республика-Атажурт», «Бүтүн Кыргызстан Эмгек». Буларга көз карандысыз саясатчыларбыз деп өзүлөрүн тааныштырып жаткан оппозициячылУОК кошулуп калышы мүмкүн. Эгер ири деп аталган саясий партиялардын бири, дагы бир ири партия менен биригип кетсе, анда шайлоолорго чейин 4 гана ири партия калмак. Кыязы, ошондо парламент 3 же 4 партиядан турат деп жар сала берсек болоор эле. Бүгүнкү күнгө алганда саясий күрөш негизинен жогорудагы аталган партиялардын ортосунда жүрөт. Ошонудктан, 50+1 процентти эч бир партия ала албайт деп ачык эле айтсак болот.

 -Азыркы мезгилде партиялардын абалы кандай? Кандай темп менен кетип жатышат?

-          Менимче, шайлоо башталгыча эле айрым партиялар үгүт иштерин баштап жиберди. Өзгөчө жаңы түзүлгөн партиялар старт алып, катуу иштеп жатышат. Өтө көп акча коротуп жатышат. Себеби, булар шайлоолорго чейин ири партиялардай популярдуу болуп алсак деп аракеттенип жатышат.Бирок, шайлоолор башталганда ири партиялар оюнга кирет. Ошондо булар элге анча кызык болбой калыштары мүмкүн. Анан көп акчаларды чачып алып, шайлоодо өтпөй калышса, ызаланышып чатак чыгарууга өтүштөрү мүмкүн. Ошол жагынан бир аз кооптонуу бар. Борбордук шайлоо комиссиясы, Юстиция министрлиги, генералдык прокуратура бул аракеттерге дыкат көз салыш керек.

Источник: Focus.kg