“Ар Намыс” аркылуу парламентке келген депутат эми КСДП менен шайлоого барат

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу депутат өзү жарыялады. “Ар Намыс” фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, беш жыл ишмердүүлүгүн көрсөткөн Дастан Бекешев кийинки шайлоого КСДП менен аттанууну чечти.

Депутат шайлоо алдында беш жыл мурун элге берген убадаларынын баарын эле аткарып жибербегенин моюнуна алды. Жана анын айынан “Ар Намыс” 2012-жылкы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо ийгиликке жетише албай калганын белгиледи. “Ар Намыс” жеңишин кармай албады. Жергиликтүү кеңешке өтө албай калганына ар кандай себептер тоскоол болду”, - дейт ал.

“Менин көз карашым менен партиянын көз карашы дайым эле дал келе бербеген. Мен президент А. Атамбаевдин багытын колдогондуктан келерки шайлоого КСДП менен барайын деп чечтим”, - дейт ал. 

Источник: Sayasat.kg