Эсеналиев: Кадрдык саясатта кардиналдуу реформаларга барып, кызматкерлерге 50 миңден ашык айлык коюп бериш керек

Обратите внимание на дату публикации.

8-июлда Бишкекте “2015-2020-жылдардагы шайлоо: жаштар үчүн келечектеги пландар” аталышта саясий партиялардын форуму болуп өттү. Бул иш-чарага “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев да катышты. Форумда Досалы Эсеналиев, Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Өмүрбек Текебаев (“Ата Мекен”), Темирбек Асанбеков («Мекен Ынтымагы»), Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбеков ( «Бүтүн Кыргызстан - Эмгек») жана Равшан Жээнбеков (“Парламенттик оппозициялык блок”) партияларынын платформаларына кыскача токтолуп, активдүү Кыргызстандын жаштардын суроолоруна жоопторун беришти. Саясий партияларга бирдей убакыт бөлүнүп, анда ар бир партия Кыргызстандын келечеги, жаштар саясаты боюнча пикирлери менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк алды.

“Бир Бол” партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси өз сөзүндө Кыргызстан келечекте алдыңкы мамлекет болуусу үчүн билим берүү тармагында конкреттүү сунуш - техникалык окуу жайлардын базасын кеңейтүү, кесиптик окуу жайларды көбөйтүү, аларды жаңы технологиялар менен камсыздоо багытын ишке ашыруу керектигин айтты. “Юристтер, экономисттер жетиштүү, техникалык кесип багытындагы окуу жайларында жаңы компьютердик технологияларды, лабораторияларды колдонуш керек”, - деди ал. Жаштар арасында жумушсуздукту жоюу жана алардын маселелерин чечүү үчүн мамлекет максаттуу кадрдык саясат жүргүзүш керек. Анын пикиринде жаштардын билим алуусуна шарттар: биринчи кезекте жатакана менен камсыз болушу керек. 1-курстан баштап аяктаганга чейин жыл сайын алып жаткан билимин практикада, өндүрүштө тастыктоо керектигин айтып берди. Жаштардын миграциясын азайтуу үчүн жумушчу орундарын түзүш керектигине, өндүрүштү көбөйтүү маселелерине токтолду. Айылдык жаштарга жумушчу орундарын түзүп берүү жолу катары ички жана мамлекеттик инвестицияларды тартып, майда жана чоң өндүрүш ишканаларын ишке киргизүү керектигин айтып кетти.

Жаңы система киргизип, жаштарды мамлекеттик кызматтарга конкурстук негизде кабыл алыш керек, деди. “Убагында 90-жылдардын аягында президенттик аппаратка кызматка конкурс менен ала

башташкан эле. Бирок 1-2 жылдан кийин ал иш токтоп калган. Бүгүн Президенттик аппаратка да, өкмөттүн аппаратына да, парламенттин аппаратына да кызматка конкурс менен алышпайт. Эмне үчүн деген суроо туулат? Министрликтеги 6-10 миңдик айлыкка жаштар барбайт, кадрдык саясатта административдик реформаларды жүргүзүп, кардиналдуу кыскартууларга барып, кызматкерлерге 50-100 миң айлык коюп бериш керек, ошондо гана аларда кызыгуу пайда болот”, - деп Досалы Эсеналиев белгиледи.

“Кыргызстан келечекте өнүккөн, өскөн, мамлекеттүүлүгү бекем өлкөлөрдүн катарына кошулушу үчүн жалпы элди, жарандарды бириктирген максаттуу мамлекеттик идеологиясы, мамлекеттик биримдик жана мекенчилдикке негизделген идеология болуш керек, - деп Д.Эсеналиев баса белгиледи, - Мамлекеттүүлүк, биримдик жана Кыргызстандын келечеги деген бир максаттуу идея менен алдыга жылыш керек”.

Мындан башка “Бир Бол” партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси мамлекетте системдүү реформаларды ишке ашыруу үчүн саясий эрк керектигин кошумчалады. “Кыргызстан келечекте Борбордук Азиядагы транзиттик-бизнес өлкөгө айлана алат, ага бизде бардык шарттар бар, - деди, - эгерде бизде системдүү реформаларга барып, экономикада бурулуш-секирик жасаса, Кыргызстан тарыхка “Илбирс секириги” деген терминди киргизмек”.

Источник: Мaalymat.kg