Адахан Мадумаров аялы менен ажырашып кеткенине жарым жыл болду

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы, саясатчы Адахан Мадумаров аялы менен ажырашып кеткенине жарым жыл болду. Мындай маалыматты анын жакындары дагы ырастады.

“Адахан Кимсанбаевичтин аялы кетип калып, анын артынан эле улуу баласы дагы аялы экөө чыгып кеткен. Айрым учурда кичүү баласы келип кабар алып турат, көбүнчө үйүндө жалгыз, ити экөө жашайт”-дейт өздүк булактар.

Буга чейин дагы “Мадумаров мигранттар чогултуп берген акчага ойношу экөө Египетке эс алып келди, аялы экөө ажырашыптыр”-деген маалымат чыккан. Демейде мурдун кызартып, чычалап жооп берип чыга калган Мадумаров үн каткан жок. Эгер аялы менен жашап жатканда, “мына биз бактылуу эле чогуу жашап жатабыз”-деп айтмак. Азыр антип айтайын десе, карайлап үйүндө ити экөө тиктешип отурбайбы, аны кантип танат? Эми бул деген тагдыр, үй-бүлөө ажырашып деле кетет. Аны табалап, сын дагы такпайбыз. Бирок, өзүнүн үй-бүлөөсүн бүтүн кармай албаган адам – Кыргызтанды башкарам деп убара болбой эле койсо?! Өзү деле көп жылдан бери саясатта жолу болбой жүрүп, бат эле алжып калды. Алжыганы ошол да, жазында бүткүл дүйнөдө коронавирустан эл кырылып жатса, элдин башын айландырып, “коронавирус деген жок, аны бийлик эле ойлоп  тапты”-деп дөөрүгөн. Жарым жыл мурда өзүнүн үй-бүлөөсү таштап кетти, жанында жүргөн командасы дагы акырындан кетип жатат. Ити гана Мадумаровго жүрөгү ак экен, дагы беш-алты “зомбилери” бар, калган акыл-эси ордундалар эбак эле өз жолуна түшүшкөн. Адахан Мадумаров элге акыл үйрөтүп, бийликке кеӊеш бербей, өз үй-бүлөөсүн кайтарып келип, жок дегенде карылыгын бактылуу өткөрсө деген тилектебиз.

Источник: argument.kg