Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташты

15 декабря 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жакында эле Ош шаарын дүңгүрөтүп, байгеге машина коюп той берген Атамбаевдин уулунун  тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташа кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Аларга тойдогу мушташка күбө болгон адамдар билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында кызуу болгондон кийин сөздөн сөз чыгып аягы урушка айланган. Тойдун көркүнө көрк кошкон Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Таалайбек Сабиров менен Искендер Матраимов жакалашып мушташканга  чейин барып тойго келгендер ажыратып калышкан.

Источник: argument.kg