Сооронбай Жээнбеков кимдерге капа жана кимге ыраазы?

5-октябрь түнү Бишкекте болгон окуялар кээ бир саясатчылардын, депутаттардын жана генералдардын ким экенин ачыктап койду окшойт.
6-октябрда оппозиция бийликти өз колуна алып алган кезде Сооронбай Жээнбеков командасын чогултайын дегенде бир нече киши телефонун албай, калгандары ар шылтоону айтып келбей коет. Келбей койгондордун тизмесинде мурдагы аппарат башчы Досалы Эсеналиев, ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, УКМКнын жетекчиси Опумбаев. Булар го мейли Сооронбай Жээнбековдун көңүлүнө катуу тийгени анын бийлигинин жемишин көрүп жүргөн Төрөбай Зулпукаровдун телефонун өчүрүп жашынып алганы болуптур дейт.
Жээнбековду колдоп чыккан баягы эле аялдар Строкова жана Аида Касымалиева болду аттин, жигиттерден болсо күтүүсүз Канат Исаев колдоп турду. Бийликтин тиреги болгон “Биримдикти” калчаган Төрөбай Зулпукаров эми болсо жаңы бийликке жармашуу аракетин көрүп жатканын Ширин Айтматова өз твиттерине жазып чыкты. Шпагатка отурганды койбогон кыргыз “подхалимдери” дагы бир канча ажонун башын жешет ко сыягы.

Источник: argument.kg