Темир Сариев АКШнын айдактоосу менен Россия бийлигин сындай баштадыбы?

Обратите внимание на дату публикации.

“Ак Шумкар” аттуу аты бар, бирок заты жок партиянын лидери Темир Сариев да ашынган “акылдуу” саясатчы экенин жакшы билебиз. Кайсы бир акындын “Өзүңө жетпеген акылыңды мени менен бөлүшкөнүңө ырахмат” деп жазган саптарындай Темикебиз да өзү өкмөт башчы кезинде кыйратпаган акылын бүгүнкү бийликке үйрөтүп тургандагы кербези.
Ал “Азаттык” радиосуна видеомаек куруп, анда учурдагы коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгуу керек деген темада өз пикирин билдириптир. Албетте, пикирин айтканы жакшы, бирок “Тигил жактан кредит алыш керек, анан аны жумушсуз отургандарга таратып бериш керек. “Кумтөрдөгү” акциябызды сатыш керек, анан ошону пайдаланыш керек” деген сыяктуу мектеп окуучусу деле айта ала турган сунуштарынын кимге кереги бар эле? Же чет мамлекеттерден кредит алыш керек экенине азыркы өкмөттүн акылы жетпей жатабы?
Экинчиден, ушул маегинде Темир Сариев Евразиялык Экономикалык Биримдикти (ЕАЭБ) жана ага кошуп Россия бийлигин да согуп кетиптир. “Тилекке каршы, айта турган сөз көп. Чечкиндүүлүк жетишпей жатат. Бул катаал, чукул учур келгенде оркоюп көрүнүп калды. Эксперттердин айтуусу боюнча, 3-дүйнөлүк согуш болуп жатат. Мында эң күчтүү Россия — ЕАЭБ идеологиянын баштоочусу дагы лидерлик сапатын көрсөтө алган жок”, — деди ал.
Эгерде эсибизге жара чыкпаса, Кыргызстандын ЕАЭБге кирип калышына Темир Сариевдин да салымы болгон. Ушул биримдикке кирбесек, өтө кыйналып кала турганыбыз тууралуу көп сөз айткан дагы Темир Сариев эле. Эми минтип тескери сүйлөп жатканын кандай түшүнсө болот? Же бийлик бутагында жок болуп калса эле элге жагынуу аракетинде сүйлөй берсе болобу? Же бул дагы АКШнын айдактоосу менен иш кыла баштадыбы? “Азаттык” радиосу Америкадан каржылана турганы белгилүү. Анан ага жалаң өздөрүнүн саясатына ыңгайлуу сүйлөй тургандарды тартышаары да жашыруун эмес. Кыязы, Темикебиз да АКШнын агентине айланып алган окшойт.

Источник: tezkabar.org