ЖЕҢИШ РАЗАКОВДУН ОРДУНА КАЙСЫ БЕЛГИЛҮҮ ГЕНЕРАЛ КЕЛЕТ?

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бир айдын ичинде кызматтан кол жууй турганы таасирдүү чөйрөдө айтыла баштады. Ага карата сын-пикир көбөйгөнү, ишин жөндөп алып кете албаганы, журналисттер менен соттошууларга “байланганы”, баткендиктердин нааразы болгону ж.б. бир топ себептер негиз түзүп атыптыр. Күч органдарын тейлеген вице-премьерлик бул орунга коомчулукта кадыр-барктуу, белгилүү генералдын келе турганын эшиттик. Ал фигура учурда бийликтин көрүнбөгөн гана бутагында отурат. Эгерде болжонгондой кадрдык өзгөрүү болсо, жогорку жетекчиликке жана элибизге жемиштүү кадам болмок.

Источник: aryba.kg