Депутат Канат Исаевди эч ким сабаган жок

Обратите внимание на дату публикации.

Буга дейре интернет айдыңында эки депутат: Бактыбек Жетигенов менен Канат Исаев уруша кетишип, биринчиси экинчисин канжалата сабап салыптыр деген кабар тараган. 

Канат Исаевдин жакындарынын айтымында, депутат эч кимден таяк жеген эмес. Парламенттин ичинде мушташ да орун алган эмес, Исаевдин денесинде мушташтан калган жараат дагы жок. 

 Бирок, мушташ тууралуу маалыматты тараткан адам жакынкы аралыкта эки депутаттын мушташын далилдеген фотосүрөт жарыялай турганын маалымдады.

Источник: sayasat.kg