Пирматов ээлеп алган 40 гектар жерде алтындын ири запасы барбы?

Ага 5-чакырылыштын депутаты кезинде мамлекетке 600 млн. сом зыян алып келген деген айып коюлуп, кылмыш иши да козголгон. Бирок, депутаттар макулдук бербей Пирматов жазадан убактылуу кутулуп калган эле. 

Дал ушул Исхак мырза кичи мекени Ала-Бука районунда 40 гектар жерди ээлеп алып ага көп жылдык шабдалы багын өстүрүп, жыл сайын миллиондорду сугунууда. Өзүн кыйын багбан катары көрсөтүп келген Пирматов буга чейин ошол шабдалысын социалдык тармактардан рекламалап төш да каккан. Эң кызыгы ошол 40 гектар жердин өзгөчөлүгүндө дешет. Бул аймакта ири алтындын запасы бар дегени чынбы? Муну билген Пирматов ошол жерди ээлеп, бакты шылтоолоп аны менчиктеп отурганы жалганбы? Депутат мырза жакынкы жылдары бул жайдан алтын казууну пландап жатканын тана алабы? Болгондо мыйзамсыз жолдор менен. Аныдыктан бул фактыны тиешелүү органдар иликтөөгө алып, Пирматовдун “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык иштерин да көз жаздымда калтырбашы керек.

Фейсбуктан алынды

Источник: sayasat.kg