О.Нарматованын артынан акча жасап жүргөн А.Турдукулов…

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда бир араба толбогон оппозиция бар дешсе, көбү тыраңдашкан эле. Бир кезде күүлдөп турган оппозициянын катары суюлуп отуруп азыр баш-аягы табылбай калды. Кимиси кайсы жээкте, кайсынысы кимдин чоорун тартаары белгисиз, айтор баш аламан. Бирок алар бирин бири пайдаланып, артынан колдонуп кеткенди мыкты билип алышты.

Устасынан шакирти озот болуп, айрыкча жаштар кыйын чыкты. Маселен өзүн кыйын сезген А.Турдукулов ары-бери чапкылап оппозиция короосунда оюн салмай оорусу бар. Кумары канбай ойноп жатабы же акча жасагандын эбин таап алганбы, анысын эч ким билбейт.

Айтор А.Турдукулов бир короодо ойномуш болуп жүрүп, “Мекенчил” партиясынын лидерлеринин бири О.Нарматованы колдонуп, шек алдырбай анын артынан өзү олжого туйтунуп жүрөт.

Тактап айтканда өткөн жылдын сентябрь айында О.Нарматова Ошто “Орто Азия” мейманканасында жыйын уюштуруп, ал жерде президенттик шайлоо менен сөз эркиндиги жөнүндө кеп козголгон. Ал жыйынга аттуу-баштуулардан А.Бекназаров, Ж.Акаев, Э.Байсаловдор катышкан болчу.

Анан А.Турдукулов “жыйынды мен уюштурдум” деп каратып туруп калп айтып Батыштагы сүрөөнчүлөрүнө отчет берет. Ошентип А.Турдукулов конференц залдын арендасы, кофе-брейкке кеткен чыгым, ал аз келгенсип авиабилеттердин баасын кошуп, толгон-токой жасалма квитанцияларды тиркеп олчойгон отчетторду көрсөтүп, гранттан түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө кымырат. Батыштан акча бөлгөн донордук уюмдарды жаш баладай алдаган отчет түзүүдө А.Турдукулов аялы Умай Арыкованын “тажрыйбасына” таянат. Анткени касса кагаздарына келгенде эринин мээси чектелүү экенин билген Умай Арыкова “Лофт цех” моделдик агенттигинде отчет жасап үйрөнгөн өнөрлөрүн көрсөткүсү келет шекилдүү.

А.Турдукулов ар кимди алдап, акча жасап жүргөнү көнүмүш адат. Анткен менен азыркынын Кыз-Сайкалы болот го деп көптүн назарын өзүнө бурган, жаш болсо да кайраты күчтүү О.Нарматова ушинтип Адилге “алданып” калганы кызык болууда. Бирок “менин артымдан акча жасай бер” деп өзү макул болуп, түшкөн пайданы теӊ бөлүп жүргөн болсо канттик?

Источник: egemen.kg