БАКИЕВДЕР КЛАНЫ БАБАНОВГО КЫЗМАТ КЫЛУУДА

10 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз жерин канга боегон Бакиевчилер толугу менен Өмүрбек Бабановду колдон, буттан алып жаткан учуру. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, Адыл Бакиевдин Анвар аттуу бир тууган жездеси Бабановго жардам бериш үчүн сентябрдын башында Минскиге учуп барып, кыргыз жергесиндеги абалды Бакиевдерге баяндап кайтыптыр. Бакиевдер Бабановго жардам бергенге ниеттенип, бирок түз чыкканда эл оозунда кеп болот деп, Максим Бакиев аркылуу байланышканды эп көрүшкөн. Андан да кызыгы, Адыл Бакиев Астана шаарында өткөн көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде казак командасынын утуп чыгуусуна кам көргөндүгү үчүн Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабановду колдоого ниеттенип турат деп, Минскиде жаткан Бакиевдерди ишендирип кайткан жайы бар экен. Ошентип Бакиевдер кланы толугу менен Бабановдун камчысын чаап жатышат. Муну К.Бакиевди пайгамбар тутуп жүргөн Аскат Тейит ачык эле айтып атканын көрүп атабыз.

Источник: kurch.kg