Баркы кеткен Бабанов

Обратите внимание на дату публикации.

Шайлоо кампаниясы кайнап калган маалда Өмүрбек Бабановдун баркы кете баштады. Баркы эле эмес, командасынын ыркы да кетти. Мындан улам жер-жерлердеги штаб башчыларынын дээрлик баардыгы ич ара арыз-армандарын айтышып, «кемеде бунт» чыга турган даражага жетип калышты.

Муну ошол эле «Республикачылар» өз ара активдүү талкуулап, сынган кол жеӊ ичинде болсун деп, маселени ырбатпай басууга аракет кылышууда. Бирок жараны жаап-жашырууга болбойт окшоп калды.

Анткени негизги атаандашы болгон Сооронбай Жээнбековго карата «кайдан болсо, айдан болсун, бирок компромат тапкыла» деп ур-тепкиге алып жатканын көпчүлүк активисттер жактырбай жатышат. Анүстүнө жоктон бар кылып, жасалма түрдө табылган компроматтарды топтоп, «добуш берүүгө аз калганда жарыя кылабыз, натыйжада Сокенин добуштарын биз алабыз» деп алакан ушалап буйрук берип отурган шептерине жаны кашайган штабисттер четтен чыгууда.

Алардыкы да туура бир чети. Болбосо компромат табам деп жатып, Канат Исаевге окшоп темир торго түшүп калууну ким эле кааласын?!

Источник: egemen.kg