Бириккен саясатчылар Сариевди колдойт

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев биригип, бир талапкерди алып чыгаары айтылды.

Бул маалымат тарагандан кийин, интернетте Жогорку Кеңештин депутаттарынын делегациясы Бишкек-Лондон-Эдинбург аба каттамы менен барып келишкендиги тууралуу маалымат тарады. Андагы маалыматтарга таянсак, чет өлкөгө чыгып келген депутаттардын арасында “Бир бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов да болгон. Эл өкүлү чет өлкөгө болгон сапарында Максим Бакиев менен жолугуп келген болушу мүмкүндүгү айтылат.

Чын эле ал Максим Бакиевге жолуккан болсо, эмне маселелерди талкуулаган? Интернетте тараган маалыматта Ормонов айрым саясатчылардын биригүүсү тууралуу Максим Бакиев менен сүйлөшүп келген болуусу мүмкүндүгү айтылат.

Ал ортодо бүгүн бириккен саясатчылар биргеликте Темир Сариевди колдой тургандыгы тар чөйрөдө айтыла баштады. Эгерде, бул саясатчылар Сариевди колдосо, КСДП алып чыккан талапкер Сооронбай Жээнбековго бир топ кыйын болуп калчудай. Демек, Жээнбеков да кайсы бир талапкерлер менен биригүүсү мүмкүндүгү айтылууда. Бирок азыр Жээнбеков менен ким биригүүсү мүмкүндүгү белгисиз.

Эгерде, Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев бириге турган болсо, анда шайлоодо негизги үч топ атаандашып калат. Ал эми калган талапкерлердин добуштары эч кандай роль ойнобой калат. Эгерде, үч талапкердин ортосунда оюн жүрө турган болсо, анда президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү толук ыктымал.

Источник: fakt.kg