Улукбек Ормонов Англиядан Максим Бакиевге жолукканбы? Андан кийин тѳртилтик “тѳрѳлдүбү”?

Автор: А.Мейманбеков
Inter.kg Inter.kg
Обратите внимание на дату публикации.

ѲткѳнайдаНДИдолбоорунуналкагындаЖогоркуКеңештиндепутаттарынынделегациясыБишкек-Лондон-Эдинбургабакаттамымененучупкетишкенэле. Алардынкатарындапарламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов да бар. Депутаттык делегация кайра августтун башында мекенине кайтышты. Албетте, бул эми жөн гана маалымат. Кыргыз депутаттарынын кандайдыр бир иштер менен чет мамлекеттерге чыгып келгенге толук укугу бар. Бирок, ошол 23-июлдан 1-августка чейин созулган убакыт ичинде Улукбек Ормоновду бир сутка бою депутаттар издеп таппай калышканы кызык болуп жатпайбы. Издеп эле табышпайт, чөнтөк телефонуна чалып да байланыша алышпайт. Анан бир күндөн кийин эле жыла басып келип, эч нерсе билбеген, эч кайда жоголбогон кишидей болуп депутаттардын катарына кошулуп алат.

Анын Лондон, Эдинбургда тууган-уругу, дос-тамыры болбогондон кийин кайда барышы мүмкүн деген кадимки суроо жаралат эмеспи. Лондондо Максим Бакиев бар экенин гана билебиз. Ага калган Бакиевдер да барып тураарын билебиз. Ошондо убагында Бакиевдердин «Ак жол» фракциясынын лидери болуп калган Улугбек мырза кимге жолугушу мүмкүн? «Минскиге бара албай калдым, бул жактан эле Курманбек Салиевичтин туулган күнү менен куттуктай кетейин» деп Максим Бакиевге барып жолугуп келген болуп жүрбөсүн? Же 15-октябрга белгиленген ажо жарышта кайсы бир талапкерди колдоо тууралуу консультация алып келгенби? 

Кызык жери, ошондон көп өтпөй эле кайнаса каны кошулбаган Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев аттуу саясатчылар жаңы саясый партиянын алдында биригишкенин жана президенттикке бирдиктүү талапкерди колдой тургандыктарын билдирип чыгышты. Бул саясатчылардын Улукбек Ормонов менен тыгыз байланышы бар экенин эске алганда, аларга Лондондон түз көрсөтмө берилдиби деген күмөндүү ойлор жаралууда. Болбосо булар кантип биригишмек эле? 

Источник: inter.kg