Канкор Бакиевдин бийлиги кулап, өлкө башчылыгына Алмазбек Атамбаев келгени коррупцияга малынган бир катар “киттер” менен “акулалар” торго чалынып келатат. Алсак, өткөн айда депутат Өмүрбек Текебаев “Мегакомду” сатып алууга шарт түзүп берүүнү убадалап орус ишкеринен 1 млн доллар алып, бирок аны сызга отургузуп кеткендиги үчүн камакка алынды. Анын артынан эле 2010-жылдагы “мародерчулук” боюнча кармалып, соттолгон жарандардын көрсөтмөсү менен кылмыштуу иштердин “режиссеру” катары айыпталып экс-депутат Райхан Төлөгөнов да кармалып отурат. Мындан улам, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө кызыгуу менен назарын салып турган коомчулукта “эми дагы кимдер тузакка илиниши мүмкүн?” деген суроо башкы темага айланды. Жогоруда айтылган “Мегаком” компаниясынын көшөгүсү ачылганы бир далай былык иштер ачыкка чыгып, ага катыштыгы бар саячсатчылар чочулап турган чактары. Алсак, 2011-жылы аталган компанияга байланышкан “акча жасоо” иштеринде ошол жылдардагы Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун да ысымы аталып жүргөнү бар. Дегеним, “Мегакомго” Байбалов өз мүлкүн 400 миң долларга баалап сатканы боюнча маалыматтар тараган. Тактап айтканда, мүлктү сатып алуу үчүн уюлдук компания жумшаган каражат “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу Байболовдун жубайы Нуржамал айымга таандык компанияга келип түшкөн. Ири өлчөмдөгү каражаттын которулушу боюнча ошол кезде «Мегаком» компаниясын башкарууга дайындалган Азамат Мурзалиев өзү үн каткан. Ал компаниялар ортосундагы күмөндүү операцияларга Нуржамал Байболованын катыштыгы бар экенин ачыктаган. Аталган факт боюнча Нуржамал айым УКМКга сурак да берген жайы бар. Ал эми Башкы прокурор болуп турган Кубатбек Байболов маалымат каражаттарына “эгер күнөөсү далилденсе, керек болсо өз атама да иш козгойм” деп опурулган. Бирок, аталган иш бир топко чуу болгону менен аягына чыкпай тынчып калган эле. Эми болсо Башкы прокуратурага, УКМКга жаңы жүздөр келгени “Мегакомго” байланышкан иштерди кайрадан чукуп чыгып, “киттерден” жазганбай алардын түн уйкусун бузуп келет. Мындан улам коомчулукта аталган компаниядан акча жасап калууну көздөгөн былык иштерде аты чыгып жүргөн Кубатбек Байболовго да кезек жетти өңдөнөт деген кептер айтыла баштады. Бул иштер боюнча кийинки саныбызда кененирээк токтолмокчубуз…
“Мегакомдун” көшөгөсүндөгү иштер боюнча камалган Текебаевдин артынан Байболов да камалабы?
![]() |
30 марта 2017
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: egemen.kg
Материалы на тему
- — ГКНБ: Найдены доказательства причастности отдельных членов "Ата Мекена" к мародерству
- — Сын подозреваемого в мародерстве Райкана Тологонова: "Сотрудники ГКНБ шантажируют моего отца"
- — "Ата Мекен" обратится с жалобой в международные организации по правам человека
- — Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: "Некоторые члены Временного правительства поставили под сомнение революцию"