Карылыктын бир белгиси – кайрадан жаш бала болуу экенин Текебаев тастыктап атабы?

Обратите внимание на дату публикации.

«Ата мекен» партиясынын төбөлү Өмүрбек Текебаевде ушул жылдан тарта карылыктын белгилери пайда боло баштады. Болбосо, ага чейин бул карт саясатчы кайсыл жерден кандай сүйлөш керектигин, кандай кадам таштоо зарылдыгын абдан жакшы билет эле.

Акыркы кездери улам-улам сөзүнөн чалынып, саясат айдыъында топтоп келген кадыр-баркын чакалап чачып аткан Текебаевди көрүп аяп да кетесиъ. Карылыктын бир белгиси – башкалардын, сырттан карагандардын айоо сезимин ойготуу эмеспи. Ал жакында эле карылыктын дагы бир негизги белгисин коомчулукка тастыктады.

“Менден көп адамдар сурап жатышат, “Атамбаев эмнеге Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат, анын эмне кереги бар?” деп. Быйыл март айынын аягында Атамбаев бизге, фракция лидерлерине “Конституцияны өзгөртпөш керек” деп айткан. Анан эмнегедир бир жумадан кийин эле, мен “Убактылуу өкмөт” деген китебимдин бет ачарын өткөргөндөн кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн, анын ичинде менин беделимди түшүрүүнү чечти. Анткени менин китебимден Атамбаев өзү тууралу алгылыктуу эч нерсе тапкан жок», – деп билдирди ал оппозициялык маанайдагы маалымат булактарынын бирине.

Эми ушул дагы 25 жылдык тажрыйбасы бар саясатчынын айта турган сөзү беле? «Китепке киргизбей койсом эле таарынып атат» деген «конфет талашып атат» деген жаш баланын эле сөзү го.

Источник: Egemen.kg