Кече жакында эле «Вечерний Бишкек» гезитинин сайты Жогорку Кеңештин депутаттары «Ө. Текебаев, А. Шыкмаматов, А. Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласын жарыялаган. Бул макалада «Панама файлынан» чыккан маалыматтардын алкагында жашыруун офшордук операциялар тууралуу айрым эл аралык басылмалар макалаларды жазып атканы тууралуу айтылган. Андагы маалыматтардан улам «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Ө. Текебаев, А. Салянова жана А. Шыкмаматовдордун «Мегаком» чырына жетишээрлик байланыштары жана кызыкчылыктары бар экендиги айтылган. Тактап айтсак үлүштөрү бар экендиги тууралуу конкреттүү фактылар келтирилген. Болгондо да башка жакта эмес, канкор Бакиевдин уулу Максимге катталган офшордук компанияларда. Мындай ызы-чуулу фактыларды чет элдик журналист Кейт Коэн өзүнүн «Кыргызстан өзүнүн көйгөйлүү телекоммуникациялык компаниясын сатууга аракет жасоодо. Кайрадан» деген макаласында келтирген. Анда «Мегакомдун» тагдыры Акаевдин убагынан тарта Текебаевдердин аралашуусуна чейин тыкыр иликтенген.
Ток этерин айтканда, М. Бакиевдин офшордук компанияларында Текебаевдин 8%, Салянова менен Шыкмаматовдун 7%дан үлүшү болгон. Андан сырткары «Мегакомдун» баштапкы ээлери «Бимоком» компаниясы (россиялыктар тарабынан көзөмөлдөнгөн) 2005-жылдагы март революциясынан кийин өздөрүнүн активдерин жана акцияларын толугу менен М. Бакиевге тарттырып жиберген. Ошону 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кайрадан кайтарып алуу үчүн алар Убактылуу өкмөттүн айрым таасирдүү мүчөлөрүнүн жана соттордун жардамын алуу үчүн 5 млн доллар короткон. Ошонун 1 млн долларын Текебаев алган болушу мүмкүн экендигин да чет элдик басылмалар жазып чыккан.
«Вечерний Бишкек» гезити жазган макаланын баш жагында гана бир убакта Ө. Абдрахманов «Текебаев «Мегаком» компаниясын россиялык «Мегафон» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет жасаганы үчүн 1 млн доллар алган» деп айтканы бар экенин, ошол айтылган маалымат эл аралык басылмалар тарабынан жазылган макалаларда тастыкталып атканын айткан. Башкача айтканда Текебаев жана анын санаалаштарынын «Мегаком» чырындагы катыштыгы, үлүштөрү тууралуу конкреттүү фактылар келтирилген.
Мындан сырткары эл аралык аферист, М. Бакиевдин досу А. Елисеевге А. Салянова Юстиция министрлигинде иштеп турганда адвокаттык ишмердүүлүгүн улантуу үчүн лицензиясын узартып бергени айтылган.
Мына ушул фактылардын бардыгынан айланып өтүп, «Ата-Мекен» партиясы: ««Вечерний Бишкек» гезитинин сайты Жогорку Кеңеш депутаттары “Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласын “Өмүрбек Абдрахмановдун сенсациялуу билдирүүсү көп нерсени ачыктады”- деп Абдрахмановдун сөзүнө шилтеме берүү менен жарыялаган. Бирок, “Вечерний Бишкек” гезити Өмүрбек Абдрахманов бул жалган сөзүн 2012-жылы 20-апрелдеги “Алиби” гезитинин №28 (280) санында айтканын, Абрахмановдун сөздөрү калп экенин Биринчи май райондук соту чечими менен тастыктаганын билбесе керек» деп билдирүү таратып, «Вечерний Бишкекти» сотко бере тургандыктарын билдиришиптир.
Эми суроо жаралат, эмнеге «атамекенчилер» «Вечерний Бишкек» жазган макаладан Ө. Абдрахмановдун айтканын шилтеме кылганы үчүн гана сотко берет. Калган фактылар боюнча ошондо макул болуп жатышабы? Салянова Елисеевге адвокаттык ишмердүүлүгүн улантуусуна шарт түзүп бергени да чындык экендигин моюндаган болушабы, ошондо? Ошол убакта Елисеев Бакиевдер менен биргеликте чет мамлекетке качып кеткен учур эмес беле?
Кыскасы Текебаев башында турган «Ата-Мекен» партиясы «Вечерний Бишкек» жазган макаладагы бардык фактылар менен макул болуп, Ө. Абдрахмановдун сөзүн мисалга тартканына гана нааразы болуп жатышкан экен да…