Надира Нарматова, экс-депутат: “Ноокаттагы эшек боюнча “дежурлардын” жыйыны болду, натыйжа жок...”

Обратите внимание на дату публикации.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова, жакында Ноокат районунда багылып жаткан 400гѳ жакын эшек боюнча пикирин билдирип жатып айтты. Массалык маалымат каражатында ал эшектерди кытайлык ишкерлер чогултуп, ага Ноокат районунун акиминин бир тууган жээни жетекчилик кылып, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров тымызын колдоп, текшерип барган тийиштүү органдардын кызматкерлерин жолго салып жатыптыр деген жаңылык тарап, коомчулук кызуу талкууга алып баштаган. Мындай маалыматтардан кийин Ноокатта аталган иш кананын ѳкүлдѳрү менен элдин ортосунда жолугушуу болуп, чара кѳрүү боюнча жергиликтүү бийлик убада берген. Бирок, ушул убакытка чейин аталган ишкана ишмердүүлүгүн токтото элек. мындай жагдайга экс-депутат нааразы экенин билдирди:

“Кѳк-Жарда ѳткѳргѳн чогулушу аякы дежурлардын жыйыны.Карапайым калктын үнүн уккан адам жок. Керек болсо эшеги жоголуп, эшегин тааныганы да алалбай олтурат. Арыз жазса милиция карабайт кагазда аты жоктордон коркуп. Бардык жерде мыйзамсыздык, укаларим. Адамдарындын ѳзүнѳ чала. Кечээ,октябрда кѳздѳрүн чоңураак ачыш керек болчу. 500-1000 сомго сатылбай”,-дейт Н.Нарматова.

Источник: Мaalymat.kg