Кийинки күндөрү өлкөнүн маалымат таратуучу негизги булактарына айланган социалдык түйүндөрдө Мелис Мырзакматовдун аты биринин артынан бири чыга баштады.
Мелис Мырзакматов саясий чөйрөдөгү өзүнүн ордун алып, атын жалпы кыргызстанга тааныткан мезгилди анын өлкөнүн экинчи шаары болгон Оштун мэри болгон кезин айтышат. Ал мэр кезинде «мага жогорку бийлик эч кандай командир боло албайт, Ош шаарынын маселесин өзүбуз гана чечебиз » -деп тайманбай ачык айтканы менен жергиликтүү калын элге жагып, өлкөдөгу аты белгилүү саясатчынын катарына да кире алган. Бирок анын бийликке каршы туруп алышы ага каршы күчтүү соккуларды даярдамак. Чындап эле ошондой болду. Бийлик ошол кезде Ош тараптан чыккан өзүнөн күчтүү инсандарынын колу менен эл арасында баркы көтөрүлүп күч алып бара жаткан Мелис Мырзакматовду жөн гана Ош шаарынын бийлигинен алып салбастан түрмөгө тыгуу коркунучу менен чет өлкөгө качып кетүүсүнө аргасыз кыла алышты. Ал чет өлкөдө жүргөндө өзүнүн көз карашын жана саясий кадамдарын гана эмес керек болсо келбетин да өзгөртүп элге пиар кыла баштады. Садыр Жапаров бийликке келген окуялардан кийин Мырзакматов өлкөгө кайтып келди. Жөн гана кайтып келбестен ошол кадамын мыкты пиар да кылды. Бирок анын ойлогон ойлору ишке ашпай калды. Анткени Мелис мырза бул жаңы бийлик менен тез эле тил табышып кайсы бир орчундуу кызматты ээлеп калам деген тилеги болсо керек. Бирок анысы ордунан чыккан жок. Ал бир кезде түзгөн «Улуттар биримдиги» партиясын өлкөнүн түндүгү да түштүгү да толук колдоочудай көрүнбөдү беле. Бирок ал парламенттик шайлоодо керектүү упай топтой албады. Ошол эле социалдык баракчаларга көз чаптырсак Мырзакматов өзү деле бийликтен түңүлгөн окшойт. Андайлар мындай учурда кандай кадамга барары белгилүү да. Ал оппозициага кете турганын ачык айткан имиш. Бирок ошол социалдык баракчалар бийлик азыр деле Мырзакматовду тим койбойт деп ачык айтышууда. Адам болсо эле болду ага коюлчу күнөө бат эле табылат деген сөз бар эмеспи анын сыңарындай Мырзакматовду да жакынкы арада темир тордун артына отургузуп салуу аракети көрүнө башгандай. А бирок чыныгы картина кандай болот? Анын Ош шарындагы электораты колдоп береби? Кыргызстандын саясий жаңылыктарын негизги темаларынын бири жакынкы арада Мырзакматов болору ачык эле көрүнүп баштады.