Кыргызстанда күйүүчү майдын сапатын текшере турган лаборатория жок

Автор: Чолпон Бейшелен кызы
Марал радиосу Марал радиосу
13 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында («Атмосфералык абаны коргоо», «Экологиялык экспертиза» жөнүндө мыйзам долбоору 2- окууда каралып жактырылды. Бул мыйзам 2019-жылдан тартып өлкөгө сапатсыз күйүүчү май ташууга тыюу салат. Мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо, кандай негизде чектөө киргизилет жана бул өлкөгө кандай өзгөрүү алып келет?

Суроолорубузга  Жогорку Кеңештин  «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты, тиешелүү комитеттин мүчөсү Мирлан Бакиров “Күн чабыт” программасында жооп берди.

-Эми бул мыйзам күчүнө кире турган болсо, сапатсыз күйүүчү майлардын келишин чыны менен токтото алабы?

Биринчиден бул мыйзам долбоорду  өкмөт алып келип жатат. Демек токтотууга аткаруучу бийлик даяр экен деп түшүнсөк болот. Экинчиден Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары ЕВРО 5 стандартына өтүү зарыл. Себеби буга биздин өнөктөш мамлекеттердин баардыгы өтүп жатат. Казакстан 2019-жылы өткөн турат. Бул стандартка биз дагы өтсөк, өлкөгө сапатсыз кирген күйүүчү майларга бөгөт коюлат. Өкмөт бул стандарттарды 2021-жылы киргизүү сунушу менен келген. Бирок комитеттин чечиминде 2019-жыл деп белгиледик. Коңшу мамлекеттердин биз артта калбашыбыз керек. 

-Эми күйүүчү майлардын сапатын так аныктап алууга өлкөнүн чамасы жетеби?

 Майларды текшерүү жагы боюнча суроолорубузга конкреттүү жооп ала алган жокпуз. Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жалпы экологияны караганы менен күйүүчү майды текшере турган аппараты же лаборатория жок экени аныкталды.

-Бүгүнкү күнү өлкөдө К2 К3 К4 майлары колдонуп жатат. Алардын баасы менен жогорку сапаттагы К5  майынын баасында айырмасы канчалык болот? Буга элдин чөнтөгү туура келеби?

Бүгүнкү күнү Кыргызстан К3 К4 күйүүчү майын колдонот. Бул АИ-92 маркадагы май. Эми бул жердемаселе  АИ-92 же АИ-95 маркасындагы майлар стандартына жооп береби… Себеби биз көп учурда байкап жүрөбүз. АИ-95 деп алып, андан төмөндү сапаттагы май саткандарды көрүп жүрөбүз. Жалпысынан бизге сырттан сапаттуу эле  майлар кирет. Бирок өзүбүздө өндүрүлүп жаткан «Жунда» сыяктуу заводдордукун текшеришибиз керек. Бул майлардын баалары  азыркыдан өзгөрбөйт.

-Маегиңизге рахмат!

Источник: maralfm.kg