Экспортчуларга 3,5млрд сомго чейин пайызы аз насыя берилет

Автор: Чолпон Бейшелен кызы
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Премьер-министрдин 4-июлда кол койгон токтомуна ылайык, экспортко чыккан ишкерлерге жеңилдетилген насыялар ушул жылдын аягына чейин берилет. Ал насыялар жылдык 10 пайыз менен мөөнөтү 3-5 жылга чейин белгиленген. Ал үчүн биринчи жолу быйылкы жылдын бюджетинен  350млн сом бөлүндү. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев журналисттерге кабарлады. Учурда жеңилдетилген насыяны алуу мүмкүнчүлүгү болгон  өндүрүштөрдүн тизмеси такталды. Ага республика боюнча 216 өндүрүш кирди. Муну менен катар насыя алуунун негизги багыттары аныкталды.

— Бүгүнкү күнү экспортко чыгып жаткан өндүрүштү колдоо ирээтинде бюджеттен 350млн сом каралат. Бул каражат ишкерлерге 10 пайыз менен берилет. Жылдын аягына чейин жеңилдетилген насыяны алса болот. Ал үчүн экспортко чыккан өндүрүштөрдүн 216 тизмесин тактадык.  Негизги төрт тармакты белгиледик.  Анын 50сү айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү, 35 тамак-аш өнөр жайы, жеңил өнөр жай 23, кайра иштетүү 82 жана башка өндүрүш 5 ишкананы түздү. Насыянын жүгүртүүдөгү бөлүгүн 3 жылга чейин, ал эми калганын 5 жылдан ашык эмес убакытта төлөнүшү шарт.

Экспортко чыгып жаткан ишкерлерге 10 пайыздык насыя буга чейин мамлекет тараптан берилген эмес. Ишкерлердин дээрлик баардыгы жеке банктардан кеминде 18 пайыз менен насыя алып иштеп келишет. Андыктан өкмөттүн бул кадамы эң туура жасалганы экспортчулар белгилешет. Акыркы 12 жылдан бери тигүү тармагында иштеген Нуржамал Толубаева  жылына 100-150 миң долларга чейин жеке банктардан насыя алып бизнес кылат. Себеби келген буюртмаларды  толук аткаруу үчүн ар бир эле өндүрүштө даяр акча жок. Ошондуктан өкмөттүн бул кадамы ишке ашса, экспорттун көлөмү  мындан эки эсе көбөйө турганын өзүнүн өндүрүшүнүн мисалында айтып берди.

 Бүгүнкү күнү мен насыя алып эле кайра ошол эле айда пайызын төлөйм. Бул биз үчүн тап-такыр ыңгайлуу эмес. А эгерде өкмөт тараптан бизге ушундай колдоо болуп насыя берилсе, экспортко даярдыкты алдын ала баштайт элек. Мисалы менин товарым жергиликтүү базарга чыкпайт. Толук бойдон Орусиянын чоң-чоң шаарларына кетет.  Ошондуктан жеңилдетилген насыя берилсе, буюртмаларды мезгил-мезгили менен даярдайт элек. Бул экспорттун көлөмүн өстүрөт эле.

Анткен менен эксперттердин болжошунча бул сумма өлкө  боюнча экспортчулар үчүн өтө аздык кылат. Кыргызстанда жалаң чакан жана орто бизнести алганда каражат 100 ишканага аз-аздан жетиши мүмкүн. Бирок бул дагы ишкананын керектүү жабдыктарын алмаштырууга же товардын түрүн кошууга чоң эле жардам боло турганын ЖИА Бизнес ассоциациясынын экспорт боюнча комитетинин төрагасы Шумкарбек Муктаров  «Марал» радиосу айтты.

Мен ойлойм бир чакан ишканага 20 доллар дагы жакшы каражат болуп берет. Себеби бул суммага өндүрүшүнө керектүү жабдык сатып ала алат. Бул болбосо белгилүү бир  жаңы продукцияны өндүрүшүнө киргизе алат. Бул экспортчуларга жакшы эле пайда алып келет деген ойдомун.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын экспорту былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга жогорулады. Беш ай ичинде экспорттун көлөмү 657,7 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен ЕАЭБ мамлекеттерине 29 пайыз жогорулаган.

Источник: maralfm.kg