ЕАЭБдин жемиши таттуу болууда

Обратите внимание на дату публикации.

Өлкөбүз ЕАЭБдин курамына кирүүнү максат кылганда далайы каршы чыккан эле. Алардын арасында «Атамбаев бизди Орусиянын курамына кошкону жатат, кул болобуз» деп дөөрүгөндөр да болгон. Бирок анын жемиши таттуу болоруна көзү жеткен кыргыз бийлиги каршылыктарга карабай, алга кадам таштаган эле.

Жыйынтыгында баарынан мурда мигранттарыбыздын жашоосу жеңилдеп, бөтөн жердеги болуп келген кыйынчылыктардан арылды. Ал эми акыркы бир жыл аралыгында биримдиктин пайдасы кыйла сезиле баштады. Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь-май айлары аралыгында эле чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мекендештерибиз 695,4 млн. доллар которушуптур. Бул тууралуу кечээ 20-июлда, «Кыргызстан ЕАЭБде: натыйжалар, маселелер жана перспективалар» темасы астында Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Ал: «Өткөн жылы ЕАЭБдеги негизги соода өнөктөштөрдө экономикалык кризис болду жана ал биздин экономикалык көрсөткүчтөргө таасир тийгизбей койгон жок. 2017-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ИДП 193,9 млрд сомду түзүп, 6,4% өсүү байкалды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү «Кумтөрдү» кошпогондо 19,7%, азык-түлүк кайра иштетүү продукциясынын өсүүсү 1,8 эсе, сот азыктарынын өндүрүшү 20,4%ка жогорулады. Кийим өндүрүшүндө 30,6% өсүү байкалды, экспорт боюнча кырдаал жакшы. Экспорттун көлөмү январь-май айларында 23,4%ка көбөйдү, ошону менен катар импорттун көлөмү да көбөйдү. Бирок, импорттун өсүүсү экспортко карата 10,9% алдыда экендигин белгилейбиз – бул биздин товарлар ЕАЭБ рыногунда атаандаштыкка туруштук бере ала тургандыгын айтып турат. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 234,8 млн долларды түзгөн, ал сүттү 1,8 эсе, мөмө жемиштерди 2,5 эсе, текстилдик кийимдерди 23 эсе, айнекти 32 эсе, кантты 9 эсе, фармацевтикалык продукцияларды 10 эсе көбүрөөк экспорттоодон көбөйгөн»,-деди.

Мына сандар айтып тургандай эле, жакшы жылыштар болууда. Бул жетишкендиктер ЕАЭБдин алгачкы гана жемиштери. Андыктан, муну менен чектелип калбай, ушул темпти сактап, алдыга карай аракет кылуубуз керек. Ошондо өлкөбүдүн экономикасы өргө карай секирик жасап, жай турмушта жашаганга да убакыт келет. Азыр иштеген-тиштейт дегендей, тынымсыз эмгектенүүбүз кажет.

Источник: egemen.kg