Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фонду өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн өбөлгө

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин, анын алкагында бул курамдагы өлкөлөр менен теңтайлашуу максатында 2014-жылдын ноябрь айында президент Алмазбек Атамбаев менен РФ президенти Владимир Путиндин макулдашуусу менен Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Фонддун негизги максаты – ЕАЭБдин алкагында толук кандуу иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн Кыргызстандын ишенимдүү экономикалык өнөктөшү болуу болуп саналат.

2015-жылдын сентябрь айында аталган фонд өзүнүн биринчи кредит берип баштаган. Ошол күндөн тарта бизнести жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуу иш-аракеттери жасалып келет. Мындан сырткары фонд ишкерлерге лизинг операциясын, долбоорлорду эл аралык финансылык институттар менен биргеликте финансылоо сунуштарын берип келишет.

Бир жыл ичинде фонд кредит берүү боюнча элдин көңүлүн бура алды. Түз кредит берүүнү адегенде 7%дан бере башташса, аны учурда 4%ка чейин төмөндөтүштү. Эгерде башында кредиттерди берүүдө үч банк менен кызматташып башташкан болсо, учурда 10 банк аркылуу бул кызматты көрсөтүп келатышат. Андыктан эми фонддун кредиттери ал 10 банктын республикабыздын булуң-бурчундагы 300дөн ашуун филиалдарында берилет. Фонддон кредит алууну, же дагы башка долбоорлору менен кайрылууну каалагандар үчүн бирдиктүү контаки борборун ишке киргизишти. Андан бардык керектүү маалыматтарды алса болот.

Фонд – транспорт, агро өнөр-жай, текстиль, инфраструктура, айыл-чарба, кайра иштеп чыгаруу, металлургия, тоо-кен, азык-түлүк өнөр жайы тармактары боюнча долбоорлорду каржылайт.

Кичи жана орто бизнестердин катарында бул фонд республикабыздагы стратегиялык долбоорлорду да колдойт. Мисалы, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун каржылоо, «Кыргыз темир жолу» үчүн вагон курамын алып келүү, кант тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, текстиль өнөр-жайын өнүктүрүү. Бүгүнкү күнгө чейин фонддун кызматкерлери республикабыздын 7 облусу, 8 шаарында болуп миңдеген ишкерлер менен жолугушту. Жалпы региондордо 569 долбоор учурда иштеп атат. 2016-жылдын ноябрь айына карата эсептелген көрсөткүчкө таянсак, аталган фонд республика боюнча жалпы жонунан 11 млрд сомдон ашуун кредиттерди бергени белгилүү болду.

Мындан ары да Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фонду Кыргызстандын ар бир жараны өнүккөн өлкөдө жашашы үчүн өзүнүн татыктуу салымын кошо берет. 

 
 

Источник: Focus.kg