Кыргызстандын мектептеринде билим берүү онлайн тартипте уланышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү жыйында министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов айтты.
Учурда министрлер кабинети жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карап жатат.
"Мектептерде окутуу онлайн тартипте уланууга мүмкүн эместигин моюнга алышыбыз керек. Билим берүүнүн сапаты аралыктан окутуу учурунда төмөндөп кетти", — деди Марипов.
Анын айтымына караганда, билимдин начарлап кеткендигинин белгилеринин бири жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы. 2019-жылдагыга салыштырмалуу былтыр жана быйыл абитуриенттердин орточо баллы азайтылган.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталарын билдирген эле.
Улукбек Марипов: "Мектептердеги окуу онлайн тартипте уланышы мүмкүн эмес"
![]() |
26 августа 2021
Версия для печатиИсточник: NazarNews
Материалы на тему
- — Улукбек Марипов: «В экономике есть положительные сдвиги, но имеется много вопросов, над которыми нужно работать»
- — В Кыргызстане с 15 сентября учебный процесс будет проходить в традиционном режиме
- — Марипов предложил провести на Иссык-Куле Евразийский экологический форум
- — Верим в спортсменов на Паралимпийских играх