АКИpress - Ушул жылдын январь айынан июнуна чейин Кыргызстанда пневмония оорусуна чалдыккан 16 миңден ашык адам катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,3%га жогору экенин Улуттук статистика комитети Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Быйыл пневмонияга чалдыккандар:
- Нарын облусунда 1,7 эсеге;
- Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 1,6 эсеге көбөйгөн;
- ал эми Баткен облусунда 25,3 пайызга;
- Талас облусунда 20,1 пайызга төмөндөгөн.
Пневмония оорусуна чалдыккандардын жалпы санындагы эң чоң үлүш:
- Чүй облусуна 20,3%;
- Жалал-Абад облусуна 17,6%;
- Ош облусуна 15,1% туура келди.