АКИpress - Бүгүн, 7-июлдан тарта Россиянын аймагына киргизүү эрежелерин аныктаган башкы дарыгердин токтому күчүнө кирди.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, 10-июлдан тарта Европа экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россияга кирип бара жатканда «COVID'сиз саякат» тиркемеси аркылуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ал Россиянын аймагына киргенге чейинки 72 саат аралыгында гана жарактуу.
Ал эми чет өлкөдөн барган Россиянын жарандары 3 күндүн ичинде ПЧР-тест аркылуу бир жолу текшерилип, жашаган жери боюнча обочодо болушу керек.
Элчиликтин маалыматы боюнча, эгерде Кыргызстандын жараны «Спутник» менен эмделип, сертификаты бар болсо, ПЧР-тест талап кылынбайт.