Алымкадыр Бейшеналиев сакайып, жумушка чыкты

Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Саламаттыкты сактоо жана өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушка чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Министрдин абалы канааттандырарлык. ПЧР-анализи таза чыкты. Учурда жаңы стационарларды ачуу маселеси менен алектенип жатат. Эртең менен Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен жолугуп, коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн койка даярдоону талкуулашты», - деп айтылат маалыматта.

25-июнда Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктурганы белгилүү болгон. Ал АКИpress агенттигине уу коргошун ичип, дарыланып жатканын билдирген.

Ошондой эле ал эмделсе дагы, анын организминде коронавируска каршы антитела иштелип чыкпаганын кошумчалаган.

Источник: Баракелде