Саламаттыкты сактоо министри Нарындагы окуя боюнча комментарий берди

АКИpress -  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Нарындагы окуя боюнча АКИpress агенттигине комментарий берди.

  • Бейшеналиев адамдар менен сүрөткө түшө баштаганда, Нарын шаарынын тургуну аны урушкан.

«Кечээ, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова менен биргеликте Нарын шаарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачтык. Андан кийин дарыгерлер чогуу сүрөткө түшүүнү суранышты жана алардын өтүнүчү боюнча эстелик катары сүрөткө түшүп коёлу дегенбиз. Бирок ошол жердеги бир аял уруша баштады. Эмне үчүн экенин өзүбүз деле түшүнгөн жокпуз. Биз сүрөткө түшпөйбүз деп, кетип калдык. Эч кандай норма бузулган жок, бардыгы бет кап кийишкен», - деди ал.

«Бүгүн чек арадагы чырдан жабыркагандар дарыланып жаткан Воронцовкадагы ооруканада болдум. Ал жакта да дарыгерлер сүрөткө түшүүнү суранышты, дароо баш тарттым. Алар түшүнбөй калышты окшойт. Сүрөткө түшсөң да жакпайт, түшпөсөң дагы жакпайт (күлүп)», - деп кошумчалады министр.

Видео

Источник: Баракелде