Улукбек Марипов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисин кабыл алды

АКИpress -  Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Марипов ипотекалык компаниянын маанилүү милдети — республикадагы жарандардын көпчүлүк бөлүгүн жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналарын айтты.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4% чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алыныган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл.

Мамлекет тараптан жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоо – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок ипотекалык компания бул милдеттерди өзүнө алып жаткан соң, бул милдеттер качан жана кантип ишке ашырыла турганын көрсөтүү керек», - деди Марипов.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчерээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө. Баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иштер аткарылууда.

«Мамлекеттик ипотекалык компания «ортомчулук» кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү тийиш. Негизги максат – жарандардын иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек», - деди Марипов.

Ал Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны тыкыр карап чыгып, долбоорлордун ишке ашырылышына өзгөчө басым жасоо тапшырмасын берди.

«Алдыга ишке ашпаган милдеттерди коюунун зарылдыгы жок, бардык иш-аракеттер реалдуу мүмкүнчүлүктөрдөн келип чыгышы кажет», - деди Марипов.

Источник: Баракелде