Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген божомол бар, - жактоочу

АКИpress -  Дайынсыз болуп жаткан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны Бишкекте эле кармап турушат деген божомол бар. Бул маалыматты АКИпресс агенттигиндеги бүгүн, 1-июндагы маалымат жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, көчөдөн табылган Инандынын автоунаасындагы баалуу буюмдары жоголгон эмес.

«Эгерде уурулук максаты болсо, телефон сыяктуу баалуу буюмдары унаада калбайт эле», - деди жактоочу.

Ошондой эле маалымат жыйындын катышуучулары Орхан Инанды 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жараны экенин белгилешти.

  • Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Уулунун айтымында, ал акыркы жолу 31-майда кечки саат алтыда байланышка чыккан. Анын «Лексус GX470» унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган.

Источник: Баракелде